БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 автобус менен 42 атайын техниканын ачкычын тапшырды.
"Бул — коомдук транспортту жана шаардык кызматтарды жаңыртуудагы дагы бир маанилүү кадам. Бишкек мэриясынын ырааттуу ишинин алкагында шаарды өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу, элге ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги иштерден", — деген өкмөт башчы.
Youtong үлгүсүндөгү 12 метрлик автобустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын программасынын алкагында, ал эми атайын техникалар бюджеттин эсебинен сатып алынган.