Космодромду "Тайга" деп атамак болушкан. Байкоңурдун түптөлгөнүн баяндаган видео

71 жыл мурда Советтер Союзу Казакстанда, тагыраагы, Москва – Ташкент темир жолунун Төрөтам разъездинин жанына космодром салууну чечкен.
Sputnik
Казактын чөлүнөн кантип космоско учуунун сересине айланды. Видеодо бул тууралуу баяндалат.
Курулушту бош жаткан жерден башташкан, 1955-жылы аймак шамал ойногон жылаңач талаа эле. Болгону темир жол өтчү.
Космодром татаал шарттарда салынган. Казакстандын аязында кышында курулуш иштерин жүргүзүү оңойго турган эмес. Куруучулар тоңгон жерди жардырып, чуңкур кылып, ылайыктап баш калкалашкан. Жай мезгилинде ысык шамал коштогон аптап +50 градуска жетип турган.
Ошентип 1957-жылы Байкоңур ишин расмий баштаган. Дал ушул жайдан адамзат дүйнө жүзүндө биринчи ирет космоско көтөрүлгөн. 1957-жылы Р-7 Жердин жасалма жандоочусун алып чыкса, 1961-жылы Юрий Гагарин сапар алган.
...1994-жылы СССР урагандан кийин Казакстан Байкоңурду Россияга 20 жылга ижарага берген. 2004-жылы РФ лидери Владимир Путин менен Казакстандын ошол учурдагы президенти Нурсултан Назарбаев космодромдун кире акысын 2050-жылга чейин узарткан келишимге кол койгон.
Азыр Россия Восточный деп аталган дагы бир ири космодромун курду, бирок бул — Россия Байкоңурдан кетет дегендик эмес.