Бишкекте аял күйөөсү тарабынан зомбулукка үзгүлтүксүз кабылып келген

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкекте аял күйөөсү тарабынан зомбулукка үзгүлтүксүз кабылып келген. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Свердлов райондук милициясына М.Д. аттуу аял жолдошу көптөн бери сабап жана психологиялык зомбулук жасап жүргөнүн билдирген.
Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча бир нече жолу коргоо ордерлери берилген. Бирок ага карабастан, шектүү адатын токтотпой уруп-сабап келгени айтылат.
Милиция кызматкерлери тарабынан 49 жаштагы М.Д. кармалып, Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Манаста өспүрүм кыздын төбөсүнүн жарымын жана кашын кырып салышкан. Зомбулук