БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандык жаачы Асел Шарбекова БАЭде өткөн Open Masters Games турниринде күмүш жана коло медаль утуп алды. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Спортчу 30 жаштан жогорку курак категориясында күмүш медаль тагынса, "30+" жана "40+" категорияларында коло медалга ээ болду.
Абу-Дабиде 8-февралда башталган Open Masters Games эл аралык мелдеши 23-февралга чейин уланмакчы.