БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул боюнча мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жаңы катчы 48 жашта, Россияда ФСБ академиясында билим алган.
Орозбековдун кыскача таржымалы:
Кыргызстан эл аралык университетин "дипломатия жана эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Россиянын ФСБ академиясында окуган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, полковник;
эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук тармагында ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер болуп баштап, 2017-жылга чейин ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген.
2007-2009-жж. – Конституциялык түзүлүштү коргоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2009-2010-жж. – УКМКнын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары, аталган комитеттин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
2012-2017-жж. – УКМКнын Антитеррордук борборунун башкы эксперти;
2017-жылдан баштап Тышкы иштер министрлигинде, Шанхай кызматташтык уюмунун иштери боюнча улуттук координатордун аппаратында иштеген;
2017-2019-жж. – Пекиндеги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгында референт;
2023-2024-жж. – президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти;
2025-жылдын декабрынан азыркы убакытка чейин президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болуп иштеп келген.
Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет.