Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады

Sputnik
Кыргыз киносу жаңы доорго ишенимдүү кадам таштады! Кыргызстанда буга чейин болуп көрбөгөн жаңылык — режиссёр Медербек Жалилов КМШ өлкөлөрүндө алгачкылардан болуп жасалма интеллекттин жардамы менен тасма жаратууда. «Улуттун жоголгон байлыгы» аттуу фильмдин тизери коомчулукта чоң кызыгуу жаратты. Бул — технология менен тарыхтын айкалышы, кыргыз киносу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги.
Жасалма интеллект кино дүйнөсүн кантип өзгөртөт? Чыгармачыл адамдарга жардамчы болобу же чоң сынакпы? Бардык суроолорго жооп — “Стоп кадр” программасында!