Республикада жаштар кандай жашап жатканы тууралуу атайын изилдөө жүргүзүлдү. Бул изилдөө жаштардын билим алуусу, ден соолугу, жумуш табуу мүмкүнчүлүгү, коопсуздугу жана коомдогу активдүүлүгүн баалады. Ага республика боюнча 14 жаштан 35 жашка чейинки 3 миң 410 жаш катышкан. Сурамжылоо тогуз тармакты камтып, анкета толтуруу жана баалоо түрүндө оффлайн форматта жүргүзүлдү. Жыйынтыктар көрсөткөндөй, билим берүү, ден соолук жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр айрым деңгээлде жакшырган. Бирок коопсуздук маселеси жаштарды, өзгөчө кыздарды көбүрөөк тынчсыздандырат. Бул изилдөө мамлекетке жаштар үчүн кайсы тармактарга көбүрөөк көңүл буруу керектигин аныктоого жардам берет. Изилдөөнүн жыйынтыгы мамлекеттик органдарга, эксперттерге жарыяланып, сунуштар айтылды.
Бул тууралуу “Ачык кеп” программасынын алкагында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты башкармалыгынын начальниги Бакай Кожомкул уулу кеп кылды.