2025-жылы Кыргызстанда Пробация департаменти кардарларын коомго кайра аралаштырууга багытталган иштерди активдүү жүргүздү. Жыл ичинде пробациялык көзөмөлдөгү адамдар менен социалдык-психологиялык иш алып баруу, ишке орношууга көмөктөшүү, кесиптик окутууга багыттоо жана кайра кылмыш жасоонун алдын алуу боюнча программалар кеңейтилди. Бул аракеттер пробация системасын жазалоодон көрө тарбиялоого жана оң жолго салууга багытталган механизм катары бекемдөөгө шарт түздү. Ошондой эле санариптештирүү, пробация институтунун бекемделиши боюнча кандай иштер жасалып жатканын Пробация департаментинин эсеп жана мониторинг башкармалыгынын начальниги Бекжан Медетовайтып берди.