Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматтан кете турганын айтты. Төрага бул тууралуу парламент жыйынында билдирди. "Мен эки кишиге эмес, өлкөгө кызмат кылам. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагалыгынан өз эрким менен кетүү чечимин кабыл алдым. Бул жеке чечимим. Мага эч ким басым-кысым көрсөткөн жок. Ага жол бербейм. Өлкөдө стабилдүүлүк болушу керек. Ушул максатты көздөп, мамлекетчилдик сезим менен ушундай чечим кабыл алдым. Мени Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы кылып чоң ишеним менен шайлаганыңыздарга терең ыраазылык билдирем. Менин чечимимди колдоп беришиңиздерди суранам", – деди Тургунбек уулу. Ал азырынча эч жакка кетпестигин жана катардагы депутат болуп өлкөнүн келечегине кызмат кылууга даяр экенин кошумчалады.
Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин УКМКнын ишин каралагандар болууда. Бул тууралуу атайын кызмат элге кайрылуу жасалды. "Маалымат мейкиндигинде УКМК төрагасынын кызматтан кетүүсүнө байланыштуу мекеменин ишмердүүлүгүн каралоого багытталган аракеттер байкалууда. Тараган билдирүүлөр жана түшүндүрмөлөр бир тараптуу мүнөздө болуп, жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин солгундатууга багытталган. УКМК кызматкерлери өлкөнүн башкы кол башчысына баш иет", – деп жазылат билдирүүдө. Комитет жогорку кызматтагы айрым адамдарды, ЖМКларды жана коомчулуктун айрым өкүлдөрүн УКМКны катуу сынга алуудан алыс болууга чакырып, мекеме өзүнүн милдетин так аткарып жатканын билдирди.
Мамлекеттик салык кызматы Бишкектеги кафе түйүнүндө кирешени жашыруу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкектеги фискалдык программалык камсыздоо – сатуу жөнүндө маалыматтарды салык органдарына өткөрүүчү система менен иштеген кафелерге текшерүү жүргүзүлүп, коомдук тамактануу жайларынын бири 12 миллион сом кирешесин жашырып койгону аныкталган."Мындан улам казынага 648 миң сом түшпөй калган. Ишкер кирешени жашыруу үчүн көмүскө эсепке алган программаларды колдонгон. Анткени айрым чек кагаздарын текшергенде алар Салык кызматынын базасынан чыкпай калган", – деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, төлөмдөр компаниянын атына эмес, жеке адамдарга катталган QR-коддор аркылуу кабыл алынган. Ошондой эле кассалардан чек менен тастыкталбаган накталай акча каражаттары табылган.
Европа Украинадагы жаңжалга каржылык колдоо көрсөтүү менен өз келечегин тобокелге салууда. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министринин саясий директору Балаж Орбан Киль дүйнөлүк экономика институтунун статистикасына таянып айтканын РИА Новости жазды. "Жүз миңдеген адамдар көз жумду, бирок Европанын саясий элитасы тынчтык орнотууга олуттуу аракеттерди жасоонун ордуна кандуу жаңжалды каржылоону артык көрүүдө. Европалык салык төлөөчүлөрдүн каражатынан барган сайын көбүрөөк каражат бөлүп жатат", — деп жазды Балаж Орбан. Саясатчы ошондой эле жаңжалды каржылоо европалыктардын жашоо ресурстарын түгөтүп жатканын, ал эми алардын балдары менен неберелери европалык бийликтин саясий жактан келечектүү ой жүгүртө албастыгынын кесепетин тарта турганын кошумчалады.