Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек

Sputnik
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 87 жылдан бери медициналык кадрларды даярдап келет. Советтер союзу учурунда бул багыттагы алдыңкы окуу жайлардын катарын толуктап, канчалаган академик, профессорлор билим алып чыгышкан. Мезгилдин өтүшү менен өлкөдө мамлекеттик академиядан сырткары да отузга чукул бул багытта билим берген окуу жайлар ачылды. Кыргызстан медициналык кадрларды мурда СССР өлкөлөрүнө даярдаса, эгемендүүлүк алгандан тарта алыскы Индия, Пакистан сыяктуу мамлекеттерден да медик болууну эңсеген жаштар келе баштады. Андыктан, өлкөдө медициналык билим берүүдө бирдиктүү эреже, тартипти сактоо максатын көздөп, КММАга бардын медициналык кадрларды даярдаган окуу жайлар үчүн бирдиктүү окуу программасын иштеп чыгуу милдети ыйгарылды. Муну менен КММА кечээ эле өзүнө атаандаш болуп келаткна окуу жайларга багыттоочу болуп калды.
Аталган окуу жай бул милдетти кантип аткарат, бул академияга жана жалпы эле кыргыз медицина тармагында кадр даярдоого кандай таасир этет, ошондой эле окуу жайдын алдыдагы пландары, аткарып жаткан иштери тууралуу “Күн башат” уктуруусунда КММАнын окуу иштери боюнча проректору, илимдин доктору, профессор Кеңешбек Ырысов менен баарлаштык.