БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып сугарууга өтүшү керек. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба кайра иштетүү жана өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште билдирди.
"Биз тамчылатып сугарууга өтсөк, Ысык-Көлгө дагы суу көбүрөөк барат. Суунун баарын дыйканчылыкка ала берсек, көлгө суу жетпей калат. Ошондуктан биз Ысык-Көл облусун толугу менен тамчылатып, жамгырлатып сугарууга өткөрүү боюнча план коюп жатабыз", — деди министр.
Төрөбаев тамчылатып сугаруу системасына өткөн дыйкан-фермерлерге 2 пайыздык жеңилдетилген насыялар бир айдын аралыгында бериле баштаарын билдирди.