БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Украина президенттик шайлоо жана Россия менен тынчтык келишими боюнча референдум өткөрүүнү пландаштыра баштады. Бул тууралуу бир нече булактарга таянып РИА Новости жазды. https://ria.ru/20260211/ft-2073568269.html?in=l
Маалыматка ылайык, буга АКШнын эки добуш берүүнү тең 15-майга чейин өткөрүү талабы негиз болгон.
"Украина Россия менен түзүлүшү мүмкүн болгон тынчтык келишими боюнча референдумду президенттик шайлоо менен бирге өткөрүүнү пландаштыра баштады. Эгер Киев эки добуш берүүнү тең АКШ президентинин администрациясы талап кылган учурда өткөрбөсө, Америка сунуштаган коопсуздук кепилдиктеринен ажырап калуу коркунучуна туш болот", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш Европа жана Прибалтика өлкөлөрү Украина маселесин жөнгө салуу боюнча документке улам кошумча-алымча киргизе берип АКШнын Киев боюнча сунуштаган планынын таш-талканын чыгарып жатканын айткан.