Ош мэри Токторбаев Ташиев менен байланышканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышканын журналисттерге берген маегинде билдирди.
"Ал киши оюн билдирди. Президенттин чечимине баш иерин, мамлекетте, коомчулукта мыйзам бузуу болбошу керектигин айтты. Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич ажырагыс достор. Нан тиштешип, Куран кармап, шерттешип дос болушкан. Мен деле кандай болорун билбейм, Камчыбек Кыдыршаевич келсе өздөрү сүйлөшүп алар. Экөөнүн мамилесин саясатташтырбаш керек. Кудайга шүгүр, экөө келгенден бери өлкөдө бир топ өзгөрүү болду", – деди Токторбаев.
Калаа башчысы Ташиевдин өзү менен байланышканын айтты.
"Ден соолугу жакшы. Жүрөгүндө беш стент бар, ошонун бирөө жылып кетиптир. Кыргызстанга жакында келерин айтты", — деди мэр.
Токторбав журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент кызматтан азыр кет десе арыз жазууга даяр экенин айтты.
Белгилей кетсек, Ташиев президенттин жарлыгы менен 10-февралда кызматынан алынган. Ушу тапта генерал Германияда дарыланууда.
Ташиевдин коопсуздугу мурдагыдай эле маморгандар тарабынан камсыздалат