БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстанда Ми-171 жана Ми-8 тик учактарын оңдоо жана адистерди даярдоо боюнча биринчи аймактык борбор түзүлдү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор Бишкек шаарындагы "Ак-Чий" эркин экономикалык аймагында Heli Sky авиакомпаниясы тарабынан түзүлгөн. Эми жарандык авиациянын, ӨКМдин жана Коргоо министрлигинин тик учактарын өлкө аймагында оңдоп-тейлөөгө мүмкүн болот.
"Буга чейин Кыргызстандын авиация тармагында мындай деңгээлдеги ишканалар болгон эмес. Бул долбоор өлкөдө заманбап авиациялык сервис жана окуу борборлорун түзүүгө мүмкүн экенин көрсөтөт", — деди Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси.
Мындан ары окуу-тренинг комплексин ачуу пландалууда, Ми-171 тик учагынын авиациялык тренажеру орнотулуп, окуу класстары ишке берилет. Бул Кыргыз авиация институтунун учкучтарын жана курсанттарын окутууга жана кайра даярдоого шарт түзөт.