Камчыбек Ташиев кайрылуу жасады

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Камчыбек Ташиев кызматтан алынганы боюнча кайрылуу жасады. Аны генералдын тарапташы, журналист Нургазы Анаркулов жарыялады.
Кайрылууда Ташиев президенттин уруксаты менен Германияга дарыланганы барганын, иштен алынганы ал үчүн күтүүсүз болгонун белгилеген.
"Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли-журтубуз, президентибиздин алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгилик каалайм! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болушу үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!" — деген Ташиев.
Эскерте кетсек, кечээ Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган.
УКМК төрагасынын милдетин Жумгалбек Шабданбеков аткармай болду