Ташиевдин коопсуздугу мурдагыдай эле маморгандар тарабынан камсыздалат

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. УКМКнын экс-төрагасы, генерал Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу президенттин тапшырмасы менен мамлекеттик органдар тарабынан камсыздалат. Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Сыргак Бердикожоевдин бул тууралуу билдирүүсүн атайын кызмат таратты.
Анын айтымында, Ташиевдин коопсуздугу боюнча тынчсыздануулар эске алынган.
"Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу чаралары мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат", — деди Бердикожоев.
Белгилей кетсек, Ташиев президенттин жарлыгы менен 10-февралда кызматынан алынган. Ушу тапта генерал Германияда дарыланууда экени айтылды.
Генерал Ташиевге ыраазы болушубуз керек. Байсаловдун билдирүүсү