БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин "Россия сегодня" медиатобунун орун басар редактору Андрей Благодыренкону I даражадагы Ата Мекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн орденинин өзүнчө медалы менен сыйлады.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарында көрсөткөн кызматы жана көп жылдык майнаптуу эмгеги үчүн I даражадагы Ата Мекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн орденинин медалы "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары – диктору Андрей Александрович Благодыренко сыйлансын. Москва шаары", — деп жазылат документте.