БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча тезис юридикалык жактан негизсиз, коомдук-саясий кырдаалды чайпалтууга чакырык катары чечмелениши мүмкүн экенин Улуттук илимдер академиясынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, илимий борбордун адистери 75 кишиден турган топтун кайрылуусуна укуктук талдоо жасаган. Илимдер академиясы 2021-жылы референдумда кабыл алынган Конституция мурдагы мөөнөттү жокко чыгарбай турганын билдирди. Алар белгилегендей, Садыр Жапаровдун алгачкы алты жылдыгы биринчи мөөнөт катары квалификацияланат.
"Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындоого укуктук негиз жок. Өлкөнүн жетекчилиги карманган курс улуттук кызыкчылыктарга дал келет жана экономикалык, социалдык тармакта натыйжа көрсөтүүдө. Коомчулукту жана саясий күчтөрдү конструктивдүү диалогго жана мыйзамды кыйшаюусуз аткарууга чакырабыз", — деп жазылган кайрылууда.
Эскерте кетсек, коомдук жана саясий ишмерлер мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылышканы айтылган. https://sputnik.kg/20260209/moonotunon-murdu-prezidenttik-shayloo-otkoruu-boyuncha-1099619556.html