Байсалов: президенттик шайлоо өз убагында — кийинки жылдын январында өтүшү керек

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстанда президенттик шайлоо өз убагында — 2027-жылдын январында өтүшү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча позициясын билдирип жатып айтты. Өкмөт мүчөсү пикирин соцтармакка жарыялаган.
Ал бүгүнкү күндө Кыргызстандын алдында масштабдуу иштер турганын белгиледи.

"Чоң иш-чаралар турат, эгемендүүлүгүбүздүн 35 жылдыгын өткөрүшүбүз керек. Мунун баары тынчтыкта, туруктуулукта өтүшү шарт. Президенттик шайлоо өз убагында — кийинки жылдын январында өтүшү кажет", — деди Байсалов.

Өкмөт өкүлү быйыл жашоонун сапаты менен деңгээли сезилерлик жогорулай турганына токтолгон.
"Элдик өкмөт өлкө башчысы койгон тапшырмаларды аткаруу үчүн тыным албай иштеп жатат", — деди Байсалов.
ИА: мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча тезис негизсиз