БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Евробиримдиктин 2027-жылы Будапешттин ветосун кыйгап өтүп, Украинаны ЕБге жарым-жартылай кабыл алуу боюнча планын Венгрияга согуш жарыялоо деп атады.
Мурдараак Politico басылмасы Евробиримдик эмдиги жылы Украинага жарым-жартылай мүчөлүк берүү боюнча беш пунктудан турган планды даярдап жатканын жазган. Бул кадам Орбан апрелдеги шайлоодо жеңилип калышы мүмкүн деген эсеп менен Венгриянын ветосунун күчүн жоготууну көздөп жатканы да айтылган.
"Бул жаңы план — Венгрияга ачык эле согуш жарыялоо. Алар венгр элинин чечимин тоготпой, өкмөттү кандай жол менен болсо да алып түшүүгө ниеттенип жатышат. "Тиса" партиясы бийликке келсе деп турушат. Себеби анда вето да коюлбайт, чатактан да оолак болушат", — деп Орбан Х социалдык тармагына жазды.
Анын айтымында, эгерде шайлоодо башкаруучу "Фидес" партиясы жеңсе, ал жогоруда санаган кесепеттерден оолак болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Буга чейин Венгриянын өкмөт башчысы Украинанын атайын кызматтары Будапешттин саясатына таасир этүү үчүн Брюсселдин колдоосу менен аталган өлкөнүн аймагында тынымсыз аракеттерди көрүп жатканын билдирген. Бул эки күч тең бийликтин алмашуусуна кызыкдар экенин кошумчалаган. Брюссель Украинанын 2030-жылга чейин Евробиримдикке мүчө болушун каалайт, бирок чечүүчү сөздү Венгрия айтат.
Орбандын айтымында, Украинанын биримдикке кириши Венгриянын экономикасына жакшылык деле алып келбейт. Премьер ошондой эле ЕБ Украинага жардам берүүнү эмес, аны колонияга айландырууну жана Киевди жаңжалды улантууга мажбурлоону каалаарын белгилеген. Ал Будапешт Евробиримдикти колдой турганын, бирок Украинанын тездетилген евроинтеграциясына каршы экенин айткан.