Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Украина келишиминин жаңы варианттары АКШнын планын "өлтүрүүдө"

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Батыш Европа жана Прибалтика өлкөлөрү Украина маселесин жөнгө салуу боюнча документке улам кошумча-алымча киргизе берип АКШнын Киев боюнча сунуштаган планын "өлтүрүүдө". Бул тууралуу Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Эки президенттин Аляскадагы жолугушуусунан кийин документтин түрү тарап жатты. Биз америкалыктар берген бир гана вариантты көрдүк. Калгандарынын баары — америкалык демилгени өзгөртүп, бурмалап жок кылуу аракети. Буга биринчи кезекте Владимир Зеленский, анын Британия, Германия, Франция жана Прибалтикадагы тескөөчүлөрү кызыкдар", — деди Лавров.
Министр Россия үчүн коопсуздук маселеси — Батыш үчүн адам укугу дегендей эле бузулгус, кыйрагыс түшүнүк экенин белгилеген. Анын айтымында, ушу тапта Украинада орус тилине баштан-аяк тыюу салынып жатат, ал эми АКШ сунуштаган планда Украинада орус тилдүүлөрдүн жана орустардын укугун улуттук азчылык катары калыбына келтирүү керектиги жазылган.
"Американын документинде бул пункт бар болчу. Америкалыктар менен европалыктардын сүйлөшүүсүнөн кийин түзүлгөн акыркы варианттарда орус тили тууралуу эч нерсе жок. Анын ордуна "түшүнүү", "кабыл алуу" деген сөздөр пайда болуп калган", — деди Лавров.
Министр Россия расмий каналдар аркылуу да, бейрасмий жол менен да 20 пунктудан турган тынчтык планын албаганын белгиледи. Анын айтымында, Россия менен АКШ президенттеринин Анкоридждеги жолугушуусунун жыйынтыгы менен соңку келишим түзүп коюуга болмок.

Лавров дагы эмнелерге токтолду:

Россия эпке келүүгө даяр, эң башкысы — мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыгы эске алынышы кажет;
украин маселеси боюнча компромисстер миллиондогон адамдын өмүрү менен жашоосу көз каранды болгон негизги принциптерге тиешелүү боло албайт;
Россиянын атайын аскердик операциясынын алкагындагы мыйзамдуу кызыкчылыгы — өзүнүн коопсуздугун коргоодо;
Украина жана европалык мамлекеттер сөз кылып жаткан коопсуздук кепилдиктери Россия менен бирге эмес, ага каршы түзүлүп жатат;
Европада Украина кырдаалын жөнгө салуу маселесине олуттуу карай алган адамдар аз;
Россиянын Украинадагы атайын операциясынын максаты өзгөрбөйт, конъюнктуралык мунасага жатпайт;
2014-жылдагы төңкөрүшкө жооп кылып Донбасс менен Крымдын эли тагдырын чечип жатканда БУУ украин чырынын түпкү себебин түшүнүүгө аракет кылган эмес;
Батыш ушу тапта Украинанын энергетикалык объектилерине жасалган россиялык соккуларга катуу кейип жатат, бирок 2014-жылы Киев Крымды экономикалык жана энергетикалык жактан муунтуп жатканда козголуп койгон эмес;
Гренландия маселеси Арктикадагы кырдаалга таасир тийгизбейт;
Украинаны катуу колдоп жаткан Германия нацисттик өтмүшүнө кайтты;
АКШ президенти Дональд Трамп тарабынан түзүлгөн Тынчтык кеңеши БУУну алмаштыра албайт;
БРИКС менен ШКУда консенсус басымдуулук кылат, ал эми НАТОдо чечимдер АКШнын ишараты менен кабыл алынат.
АКШлык офицер: согуштан кийин Украинанын аймагына "чыныгы аңчылык" башталат