БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Эл шайлаган президенттин айланасына биригишибиз керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Өкмөт мүчөсү генерал Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы жана өлкөдөгү кырдаал боюнча пикирин билдирип, аны соцтармакка жарыялаган.
Байсалов элди мыйзамдуулукту, конституциялык түзүлүштү, стабилдүүлүктү бекемдөө багытын колдоп, Кыргызстандын келечеги үчүн башталган ишти улантууга үндөдү. Ал жеке мамилелер, бейформал макулдашуулар президенттин антынан жогору турбастыгына токтолгон.
"Президенттин негизги милдети — мамлекеттин биримдигин камсыздап, туруктуулукту сактоо, Конституциянын үстөмдүгүн кепилдөө жана бийликтин кайсы гана формада болбосун узурпацияланышына жол бербөө. Биз мурдагы каталарды кайталабашыбыз керек. Мамлекеттик чечимдерди достук же эмоция деңгээлине түшүрүүгө болбойт. Президент Кыргызстан элине жана Конституцияга гана кызмат кылууга тийиш", — деди Байсалов.
Минкаб төрагасынын орун басары өлкө башчысы Садыр Жапаров менен үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевдин ортосуна кимдер жик салганын, мамлекеттик башкаруудагы тең салмактуулук кантип бузулганын айтты.