Жапаров да, Ташиев да кыйналууда. Жогорку Кеңеште акыркы окуялар тууралуу айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев өлкөдөгү акыркы кырдаалга токтолуп, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди ынтымакка чакырды.
"2006-жылдары Кыргызстанда "Ата Журт" партиясы түзүлгөн. Аны Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев түзгөн. Мен алардын артында туруп, экөөнө эч качан калп айткан эмесмин. Түнү менен ойлонуп чыктым. Кечээ түнү Садыр Нургожоевич да кабыл алган чечимден жакшы уктай алган жок. Камчыбек Кыдыршаевич дагы ооруп, кыйналып жатат. Мен экөөнөн тең улуумун. Өзүмдүн атыман айткым келет. Бирөө — бүткүл элдин тандоосу менен шайланган президент, экинчиси — Кыргыз Эл баатыры. Экөө биригип чек ара маселесин чечип, экономиканы өстүрдү. Экөө тең элдин патриоту, эл дегенде жеген ашын жерге коёт. Биз да ушул күндөрү бөлүнүп-жарылбай бир болуп койсок, эл турмушун оңдоп, бардык максатка жетебиз", — деди эл өкүлү.
Анын айтымында, VI чакырылышта депутат болуп турганда өлкө бюджети эки миллиарддан ашкан эмес, эми чыгымдар он миллиардга чейин чыгып кетти. Депутат бул беш жылда болуп жаткан көрүнүш экенин, мамлекет жакшы нукта бара жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, кечээ Садыр Жапаров жарлыгы менен Камчыбек Ташиевди УКМК төрагасы кызматынан алган. Анын аркасынан үч орун басары да бошотулган болчу. Бүгүн Ташиев кайрылуу жасады.
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишинин себебин айтты