БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Бишкектеги кафе түйүнүндө кирешени жашыруу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги фискалдык программалык камсыздоо – сатуу жөнүндө маалыматтарды салык органдарына өткөрүүчү система менен иштеген кафелерге текшерүү жүргүзүлүп, коомдук тамактануу жайларынын бири 12 миллион сом кирешесин жашырып койгону аныкталган.
"Мындан улам казынага 648 миң сом түшпөй калган. Ишкер кирешени жашыруу үчүн көмүскө эсепке алган программаларды колдонгон. Анткени айрым чек кагаздарын текшергенде алар Салык кызматынын базасынан чыкпай калган" – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, төлөмдөр компаниянын атына эмес, жеке адамдарга катталган QR-коддор аркылуу кабыл алынган. Ошондой эле кассалардан чек менен тастыкталбаган накталай акча каражаттары табылган.
Салык органдары мындай мыйзам бузуулар үчүн айып пул эле салынбастан, кылмыш жоопкерчилиги да караларын эскертти.