БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду ИИМге суракка алып кетишкенин жакындары маалымдады.
Алардын Sputnik агенттигине билдиргени боюнча, Талгарбековдун үйүндө тинтүү жүрүп жатышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, Талгарбеков "мөөнөтүнөн мурда шайлоо" өткөрүүнү демилгелеген топтун башында болгону айтылган.
Президент Садыр Жапаров да Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышына комментарий берип жатып "Бекболот Талгарбеков менен Эмилбек Узакбаев сыяктуулар коомду бөлүп жатат" деп айыптаган.
Инжект: https://sputnik.kg/20260211/tashiyev-kayryluu-zhasady-.html
Теги: