БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коопсуздук органдарына ашыкча функциялар топтолуп, мамлекеттик башкаруудагы тең салмактуулук бузулганын моюндады.
Өкмөт мүчөсү генерал Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча комментарий берип, пикирин соцтармакка жарыялаган.
Байсаловдун айтымында, ашыкча функциялардын үйүлүшү коопсуздук органдарынын кээ бир өкүлдөрүнүн чектен чыгышына алып келген. Минкаб төрагасынын орун басары мындай көрүнүш коомдо коркуу жана куугунтуктоо атмосферасын жаратканын белгиледи.
"Бул маселе ишкердик чөйрө, жаштар жана жалпы коом тарабынан негиздүү сынга алынууда", — деди Байсалов.
Ал укуктук нормалар саясий көз караш менен алмашкан учурлар болгонун эске салып, мыйзам үстөмдүгү бузулган шартта конституциялык мамлекеттин негизи да солгундаарын белгиледи. Ошондой эле аша чабуулар жакшы ниет менен жасалса да Конституциянын духуна туура келбестигин кошумчалады.
"Кыргызстан — укуктук мамлекет, биз ар бир жарандын мыйзамдуу укугу менен кызыкчылыгын коргоого милдеттүүбүз. Айрым органдарга мүнөздүү эмес ыйгарым укуктарды берип, институттук тең салмактуулукту бузган доор артта калышы керек. Ар бир бийлик органы өзүнө так аныкталган функциялардын чегинде иштеген, жетилген укуктук мамлекет болууга умтулушубуз керек", — деди ал.
Эскерте кетсек, кечээ Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган. Ал аталган кызматка 2020-жылы 16-октябрда дайындалган.