БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. ИИМ бүгүн массалык башаламандыктарды уюштурууга жана башка кылмыштарга катышы бар деген шек менен негизде мамлекеттик кызматта жүргөн дагы эки кишини кармады.
ИИМден алар 60 жаштагы А.К жана 58 жаштагы К.А. деп билдиришти. Сүрөт менен инициалдарынан алардын ИИМдин мурдагы орун басар министри Курсан Асанов жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев экендигин таанууга болот.
Эскерте кетсек, 9-февралда интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына "мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен Садыр Жапаров жана ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна 75 жарандын кайрылуусу жолдонду" деген маалымат тараган. Кайрылуу калк арасында кызуу талкууга алынган болчу.
Эскерте кетсек, буга чейин массалык башаламандык уюштурууга шектүү катары Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев кармалган.