БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте массалык башаламандык уюштурууга шектүү катары Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Эскерте кетсек, 9-февралда интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына "мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен Садыр Жапаров жана ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна 75 жарандын кайрылуусу жолдонду" деген маалымат тараган. Кайрылуу калк арасында кызуу талкууга алынган болчу.
Маалыматта ИИМге 75 кишинин баары милицияга жеткирилип, активдүү катышуучулары катары жогорудагы үчөө камакка алынганы айтылат. Шектүүлөрдүн үйүндө тинтүү иштери жүрүп, учурда тергөө амалдары улантылууда.