БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Генерал Камчыбек Ташиевге элди тынчтыкка жана стабилдүүлүккө чакырып, ар кандай мыйзамсыз аракеттерден баш тартууга үндөгөнү үчүн ыраазы болушубуз керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ташиевдин кызматтан алынышына комментарий берип, пикирин соцтармакка жарыялаган.
"Акыркы жылдары мамлекеттик башкаруу системасында тең салмактуулук жоголгонун моюнга алышыбыз керек. Коопсуздук органдарына ашыкча функциялардын топтолушу кээ бир өкүлдөрүнүн чектен чыгышын шарттады. Бул көрүнүш коомдо коркуу жана куугунтуктоо атмосферасын жараткан. Маселе ишкердик чөйрө, жаштар жана жалпы коом тарабынан негиздүү сынга алынууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Байсаловдун айтымында, айрым органдарга мүнөздүү эмес ыйгарым укуктарды берип, институттук тең салмактуулукту бузган доор артта калышы керек.
"Саясий тарыхыбыздын бул убагы дал ушундай күтүүсүз аяктаганы өкүнүчтүү. Деген менен мындай түшүнүксүз мезгил акыры соңуна чыгышы керек эле. Биз генерал Ташиевдин элди тынчтыкка жана стабилдүүлүккө чакырып, ар кандай мыйзамсыз аракеттерден баш тартууга үндөгөнүн баалап, ыраазычылык билдиришибиз керек", — деди минкаб төрагасынын орун басары.
Эскерте кетсек, кечээ президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди УКМК төрагасы кызматынан бошоткон. Аны менен бирге үч орун басары да иштен алынган.