Башкы штаб альтернативдик кызмат үчүн төлөмдү жогорулатууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Башкы штаб альтернативдик кызмат үчүн төлөнө турган акчанын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу жана аскердик эсеп боюнча башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Сабыр Майрамбеков билдирди.
Анын айтымында, азыр альтернативдик кызмат өтөөнүн акысы 18 миң сом. Министрлик бул сумманы 25 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо.
"Альтернативдик кызматка чакырылган жигит ай сайын орто эсеп менен 1 300-1 400 сомдон төлөп турса болот. Бардык каражаттар Коргоо министрлигинин атайын эсебине түшөт. Төлөмдүн жогорулашы негизинен инфляцияга байланыштуу. Бул каражаттар эски имараттарды оңдоого жана жаңыларын курууга жумшалат", – деди Майрамбеков.
Коргоо министрлиги "дедовщина" үчүн жазаны күчөтүүнү демилгеледи