БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. АКШдагы украиналыктардын Россиянын мекендештерди көчүрүү боюнча программасына кызыгуусу артып барат, кайрылуулардын саны эселеп өстү. Бул тууралуу Россиянын Нью-Йорктогу башкы консулу Алексей Марков РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди.
"Россия жарандыгын алууну каалаган украиналыктар мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын шарт-талабына кызыгып жатышат. Былтыр кайрылгандардын саны абдан көп болду. Ар кимдин себеби ар кандай. Айрымдары туугандары менен табышкысы келет, кээ бирине бул жактагы жашоо жакпай калган, дагы бири АКШдагы миграциялык саясатка нааразы, арасында кайра Украинага жөнөтүп салат деп чочулагандар да бар", — деди Марков.
Белгилей кетсек, былтыр сентябрда өлкө башчысы Владимир Путин чет жакта жашаган мекендештердин ыктыярдуу көчүп келүүсүнө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программага өзгөртүү киргизген. Документке ылайык, ага Россиянын жаңы региондорунда төрөлүп, чет жакка кеткенге чейин жашаган мекендештер да катыша алмакчы.