БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бейшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерге туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 10…15, Талас аймагында 0…5, Ош, Жалал-Абад облустарында 5…10, Баткенде 4…9, Ысык-Көл өрөөнүндө 2...7 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде 0…-5 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте 3…5, Ош шаарында 7…9 градусту көрсөтөт.