15-февраль — афган согушуна катышкан ардагерлер үчүн кайгы менен кубаныч аралашкан күн. Бул күнү алар, согушта курман болгон полктошторуна арналган эстеликке таазим кылган соң бири-бири менен кучакташып, аманчылыгына сүйүнүшөт. 1989-жылы 15-февралда советтик 40-армия Афганистандан толугу менен чыгып кеткен. 9 жыл бир ай 18 күнгө созулган согушта 10 миңден ашуун кыргызстандык жоокер кан кечип салгылашкан. Алардын арасында Кыдыр Токтосунов да бар эле. Ал Афганистанда башынан өткөргөн, жүрөк титиреткен түркүн окуяларын айтып берди.