Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
УКМКнын экс-төрагасы, генерал Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу президенттин тапшырмасы менен мамлекеттик органдар тарабынан камсыздалат. Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Сыргак Бердикожоевдин бул тууралуу билдирүүсүн атайын кызмат таратты. Анын айтымында, Ташиевдин коопсуздугу боюнча тынчсыздануулар эске алынган. "Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу чаралары мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат", — деди Бердикожоев. Белгилей кетсек, Ташиев президенттин жарлыгы менен 10-февралда кызматынан алынган. Ушу тапта генерал Германияда дарыланууда экени айтылды.
Бишкекте массалык башаламандык уюштурууга шектүү катары Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Эскерте кетсек, 9-февралда интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына "мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен Садыр Жапаров жана ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна 75 жарандын кайрылуусу жолдонду" деген маалымат тараган. Кайрылуу калк арасында кызуу талкууга алынган болчу. Маалыматта ИИМге 75 кишинин баары милицияга жеткирилип, активдүү катышуучулары катары жогорудагы үчөө камакка алынганы айтылат. Шектүүлөрдүн үйүндө иштери жүрүп, учурда тергөө амалдары улантылууда.
2026-жылдын жазгы талаа иштерине күйүүчү-майлоочу май жетиштүү. Бул тууралуу Жокорку Кеңештин отурумунда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында аталган иштерге 40,4 миң тонна дизель жана 9,7 миң тонна бензин керектелет. “Учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель менен бензин жетиштүү көлөмдө. Мындан тышкары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2026-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү максатында дыйкан-фермерлерге 7 млн литр дизелди 74 сомдон берип жатат”,-деди ал.**Бүгүн Гуанчжоу шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун жана China Southern Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча түз туруктуу аба каттамын ишке киргизүү маселелери, ошондой эле Бишкек – Гуанчжоу – Санья багыты боюнча каттамды ачуу маселеси талкууланды. Кытай тарап маалымдагандай, Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча каттамды 2026-жылдын 29-мартында ишке киргизүү пландаштырылууда. Каттамдар жумасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылары күтүлүүдө. Авиабилеттерди сатуу бүгүн, 11-февралдан тартып башталды.
Кыргызстандык дзюдочу Ислам Баялинов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Open Masters Games-2026 дүйнөлүк оюндарында алтын медаль жеңди. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 7-февралда Абу-Даби шаарында старт алган. Кыргызстандын дзюдо боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Ислам Баялинов 73 кг салмак категориясында күч сынашып, таймашты 1/8 финалдан баштады. Мелдештин жүрүшүндө 40 жаштагы спортсмен Бразилия жана Казакстандык атаандаштарын катары менен төрт беттеште жеңип, жыйынтыгында алтын медалга ээ болду. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында Ислам Баялинов Кыргызстандын чемпионатына катышып, күмүш медаль уткан.