Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери

Sputnik
Кыш мезгилинде кыргызстандыктар, өзгөчө шаар тургундары, баллон менен муз тебүү үчүн шаар четиндеги ачык эс алуучу аймактарга, тоолуу же көлдүн жээгиндеги аянтчаларга чыгышат. Бул убакта бала-чакалардан тартып чоңдорго чейин бул кызыктуу жана жөнөкөй көңүл ачуунун түрүн колдонушат. Бирок жыл сайын ар кандай жаракаттар катталып, бейтапканаларга түшкөн адамдардын саны өсүп келет. Кыш мезгилинде муз үстүндө активдүү спорт менен алектенүүгө чыкканда атайын коргоочу каражаттарды лколдонуу, баллон же чана тепкенде өзүн сактоо эрежелерин так сактоо зарыл. Жараттардан сактануунун эң мыкты жолу — коркунучтуу аймактардан алыс болуу жана бала-чакаларды дайыма көзөмөлдөө болуп эсептелет. Чана менен тепкенде кырсык тобокелдиги азыраак, анткени чана салыштырмалуу туруктуу жана кыймылын башкарууга ыңгайлуу. Ал эми баллон жеңил болгондуктан, үстүнө адам түшкөн учурда ал ылдамдыгы чоң, аны токтотуу кыйын, жана натыйжада катуу жаракат алып калышы мүмкүн. Ошондой эле ал бул жаракаттардын негизинен сөөк сынуулар, бурулуштар, ичеги-кыймыл системасынын жабыркашы жана муун оорулары менен коштолушу ыктымал экенин “Ачык кеп” программасында травматолог-ортопед Жантай Шамбетов айтып берди.