Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кыргызстанда президенттик шайлоо өз убагында — 2027-жылдын январында өтүшү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча позициясын билдирип жатып айтты. Өкмөт мүчөсү пикирин соцтармакка жарыялаган. Ал бүгүнкү күндө Кыргызстандын алдында масштабдуу иштер турганын белгиледи. "Чоң иш-чаралар турат, эгемендүүлүгүбүздүн 35 жылдыгын өткөрүшүбүз керек. Мунун баары тынчтыкта, туруктуулукта өтүшү шарт. Президенттик шайлоо өз убагында — кийинки жылдын январында өтүшү кажет", — деди Байсалов. Өкмөт өкүлү быйыл жашоонун сапаты менен деңгээли сезилерлик жогорулай турганына токтолуп, элдик өкмөт өлкө башчысы койгон тапшырмаларды аткаруу үчүн тыным албай иштеп жатканын кошумчалаган.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча тезис юридикалык жактан негизсиз, коомдук-саясий кырдаалды чайпалтууга чакырык катары чечмелениши мүмкүн экенин Улуттук илимдер академиясынын билдиришти. Маалыматка ылайык, илимий борбордун адистери 75 кишиден турган топтун кайрылуусуна укуктук талдоо жасаган. Илимдер академиясы 2021-жылы референдумда кабыл алынган Конституция мурдагы мөөнөттү жокко чыгарбай турганын билдирди. Алар белгилегендей, Садыр Жапаровдун алгачкы алты жылдыгы биринчи мөөнөт катары квалификацияланат. "Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындоого укуктук негиз жок. Өлкөнүн жетекчилиги карманган курс улуттук кызыкчылыктарга дал келет жана экономикалык, социалдык тармакта натыйжа көрсөтүүдө. Коомчулукту жана саясий күчтөрдү конструктивдүү диалогго жана мыйзамды кыйшаюусуз аткарууга чакырабыз", — деп жазылган кайрылууда. Эскерте кетсек, коомдук жана саясий ишмерлер мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылышканы айтылган.
Мамлекеттик күзөт кызматына Сыргак Бердикожоев төрага болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Азырынча Бердикожоев тууралуу эч кандай маалымат жок. Эскерте кетсек, аталган кызмат УКМКнын курамынан бөлүнүп, кечээ кайра түзүлгөн.
Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып сугарууга өтүшү керек. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба кайра иштетүү жана өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште билдирди. "Биз тамчылатып сугарууга өтсөк, Ысык-Көлгө дагы суу көбүрөөк барат. Суунун баарын дыйканчылыкка ала берсек, көлгө суу жетпей калат. Ошондуктан биз Ысык-Көл облусун толугу менен тамчылатып, жамгырлатып сугарууга өткөрүү боюнча план коюп жатабыз", — деди министр. Төрөбаев тамчылатып сугаруу системасына өткөн дыйкан-фермерлерге 2 пайыздык жеңилдетилген насыялар бир айдын аралыгында бериле баштаарын билдирди.