Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев өлкөдөгү акыркы кырдаалга токтолуп, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди ынтымакка чакырды. "2006-жылдары Кыргызстанда "Ата Журт" партиясы түзүлгөн. Аны Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев түзгөн. Мен алардын артында туруп, экөөнө эч качан калп айткан эмесмин. Түнү менен ойлонуп чыктым. Кечээ түнү Садыр Нургожоевич да кабыл алган чечимден жакшы уктай алган жок. Камчыбек Кыдыршаевич дагы ооруп, кыйналып жатат. Мен экөөнөн тең улуумун. Өзүмдүн атыман айткым келет. Бирөө — бүткүл элдин тандоосу менен шайланган президент, экинчиси — Кыргыз Эл баатыры. Экөө биригип чек ара маселесин чечип, экономиканы өстүрдү. Экөө тең элдин патриоту, эл дегенде жеген ашын жерге коёт. Биз да ушул күндөрү бөлүнүп-жарылбай бир болуп койсок, эл турмушун оңдоп, бардык максатка жетебиз", — деди эл өкүлү. Анын айтымында, VI чакырылышта депутат болуп турганда өлкө бюджети эки миллиарддан ашкан эмес, эми чыгымдар он миллиардга чейин чыгып кетти. Депутат бул беш жылда болуп жаткан көрүнүш экенин, мамлекет жакшы нукта бара жатканын белгиледи.
Кыргызстан менен Россиянын саламаттык сактоо министрлери Каныбек Досмамбетов менен Михаил Мурашко Москвада эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, адистерди даярдоону талкуулашты. Ведомствонун маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөрдө кадрдык өнүгүү жана кесиптик байланыштарды бекемдөө, Кыргызстандын жаш медицина адистеринин Россиянын билим берүү жана клиникалык уюмдарында ординатурада окуу маселелери талкууланды. Досмамбетов жогорку технологиялык медицина тармагында Кыргызстан өзүнүн циклотрондук-радиофармацевтикалык өндүрүшү бар өзөктүк медицина борборун түзүү менен биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында "Росатомдун" катышуусу менен долбоордун айрым компоненттери ишке ашырылып жатканы, өзөктүк медицина борборун түзүү демилгеси өлкөнүн мамлекеттик өнүгүү планына киргизилгени белгиленди. Бул багытта 2026-жылы нормативдик базаны этап-этабы менен даярдоо, келишимдерди түзүү жана долбоорлоону баштоо, ал эми 2030-жылга чейин бардык иштерди аяктоо максаты коюлган. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга жана Кыргызстан менен Россиянын жарандары үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү менен сапатын жогорулатууга багытталган практикалык чечимдердин негизинде кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин тастыкташты.
Украина президенттик шайлоо жана Россия менен тынчтык келишими боюнча референдум өткөрүүнү пландаштыра баштады. Бул тууралуу бир нече булактарга таянып РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, буга АКШнын эки добуш берүүнү тең 15-майга чейин өткөрүү талабы негиз болгон. "Эгер Киев эки добуш берүүнү тең АКШ президентинин администрациясы талап кылган учурда өткөрбөсө, Америка сунуштаган коопсуздук кепилдиктеринен ажырап калуу коркунучуна туш болот", — деп жазылат маалыматта. Буга чейин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш Европа жана Прибалтика өлкөлөрү Украина маселесин жөнгө салуу боюнча документке улам кошумча-алымча киргизе берип АКШнын Киев боюнча сунуштаган планынын таш-талканын чыгарып жатканын айткан.