Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу

Sputnik
Кыргызстанда кыш мезгилинде муз тебүү эл арасында кеңири жайылган эс алуунун түрүнө айланды. Айрыкча шаар четиндеги көлмөлөрдө, суу сактагычтарда баллон, чана жана башка шаймандар менен муз тебүүнү каалагандардын саны көбөйүүдө. Бирок аба ырайынын акырындык менен жылышы көлмөлөрдөгү муздардын абалын алсыратуу коркунучун жаратып, кырсыктарга алып келиши мүмкүн. Адистердин айтымында, муздун үстүндө коопсуздук эрежелерин сактабоо адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына олуттуу коркунуч туудурат.
Бул маселелер тууралуу “Sputnikтен сүйлөйбүз” программасынын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борборунун окуу бөлүмүнүн башчысы, подполковник Мирбек Шерматов жана аталган борбордун офицери, капитан Бейшенбек Сталбеков кеңири маалымат беришти. Маекте муз тебүүнүн негизги эрежелери, коопсуздук чаралары, көлмөлөрдөгү муздардын азыркы абалы жана күн жылып келе жаткан шартта жарандарды сак болууга чакыруу маселелери талкууланды.