Киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?

Sputnik
Кыргызстанда киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү азыр активдүү жүрүп жатат, айрыкча Ички иштер министрлиги бул багытта бир катар чараларды жүзөгө ашырууда. Өзгөчө кибералдамчылыктардын саны жогорулап жаткандыктан, бул тармакка атайын көңүл бурулуп жатат: министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө катталган киберкылмыштардын көбү интернет аркылуу кылмыш иштеринин бир түрү — алдамчылык болуп саналат, дал ушул багытта тергөө жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Кененирээк ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өкүлү Чолпон Назаркулова айтып берди.