Ташиевди айткан жок. Жапаровдун маалымат катчысы сөзүнө тактоо киргизди

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бөлүнүп-жарылуу тууралуу айткан сөзүнүн Камчыбек Ташиевге тиешеси жок. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов буга чейинки маалыматына тактоо киргизип жатып айтты.
Эскерте кетсек, бүгүн Ташиев УКМК төрагасы кызматынан алынып, буга Жапаровдун комментарийи тараган. Анда чечим биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче, биримдикти чыңдоо максатында кабыл алынганы айтылган.
Алагөзов "өлкө башчы Камчыбек Кыдыршаевичти айткан жери жок" деди.
"Кеп Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып ЖК депутаттарынан баштап коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, "генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы" деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда", — деди маалымат катчы.
Алагөзов буга чейин айткан сөзү бурмаланып кеткенин белгиледи.
УКМК төрагасынын үч орун басары да кызматтан алынды