Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишинин себебин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин УКМК төрагасы жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулушу боюнча комментарий берди. Анын сөзүн маалымат катчысы Аскат Алагөзов жарыялады.
“Эң биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче, биримдикти чыңдоо максатында ушундай чечим кабыл алдым”, — деген Жапаров.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулганы бүгүн белгилүү болду. Ал бул кызматты 2020-жылдын 16-октябрынан бери аркалап келген.
УКМК төрагасынын милдетин Жумгалбек Шабданбеков аткармай болду