РКӨФ Ысык-Ата-2 чакан ГЭСи кантип иштээрин көрсөттү

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Ысык-Ата-2 чакан ГЭСинин ишин көрсөттү.
РКӨФтүн маалыматына караганда, станцияны курууга 409 миң доллар бөлүнгөн. Анын ишин өткөн жылдын 31-августунда президент Садыр Жапаров ачкан.
Чакан ГЭСтин кубаты 4 мегаватт, жылына 27 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Алгачкы төрт айда ГЭС 14 миллиондон ашык киловатт-саат энергия чыгарган. Ошондой эле Ысык-Ата районун жана жакынкы аймактарды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга жардам берген.
Орто-Токой ГЭСи июлга чейин ишке кирет. Курулуштан сүрөттөр