БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Европа биримдиги Кыргызстандагы "Керемет банк" менен "Борбор азиялык Капитал банкка" санкция салууну сунуштады. Бул туурасында Reuters тышкы байланыштар боюнча европалык кызматтарга таянып жазды.
Чектөөлөр Россияга криптовалюталык активдер жаатындагы кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу экенин жазууда. ЖМКлардын маалыматына караганда, санкцияларды айланып өтүүгө бөгөт кое турган механизмди Евробиримдиктин тарыхында биринчи жолу үчүнчү өлкөгө каршы колдонгону жатат.
Жаңы чектөөлөр Кыргызстанга металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, маалымат берүүчү байланыш жабдууларын, тагыраагы, модемдер менен маршрутизаторлорду жеткирүүгө тыюу салат.
Мындан сырткары, санкциялык тизмеге Лаостогу жана Тажикстандагы банктар дагы кириши мүмкүндүгү кабарланууда. Эгер чечим кабыл алынса, аларга ЕБдеги жеке жана юридикалык жактар менен операция жүргүзүүгө тыюу салынат.
Евробиримдик санкцияларды кеңейтүүнү сунуштап, Россиянын мунайынын транзити үчүн Грузия жана Индонезиядагы портторду камтууну көздөөдө.
Бул чаралар ЕБдин жыйырманчы санкциялар пакети болуп калмакчы.