Украинанын коопсуздук кепилдиги боюнча документтер даяр. Зеленский үн катты

Январдын соңунда Абу-Дабиде Москванын, Киевдин жана Вашингтондун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу топтордун жыйыны өткөн. Анда Америка сунуштаган тынчтык планы талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинанын коопсуздук кепилдиги боюнча документтер даяр экенин тастыктады.
"Ишенимдүү кепилдиктер гана тынчтыктын чыныгы пайдубалы боло алат", — деп ал Telegram каналына жазган.
Киев бийлигинин башчысынын айтымына караганда, бул аптада коопсуздук жана коргонуу жаатында маанилүү эл аралык иш-чаралар өтөт.
Украинада тынчтык орнотуучу сүйлөшүүлөр
Январдын соңунда Абу Дабиде коопсуздук маселелери боюнча Россия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы өттү. Тараптар Американын тынчтыкты орнотуу боюнча планынын чечилбеген маселелерин жабык талкуулады.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, башында АКШнын демилгеси Москвага Донбасстын аймагын толук көзөмөлгө өткөрүүнү, Донбасс жана Крымды Россияныкы деп таанууну, Запорожье менен Херсон облустарындагы линиялардагы кагылыштардын көбүн токтотууну, Украина куралдуу күчтөрүнүн санын эки эсе кыскартууну, ошондой эле Украинада чет элдик аскерлерди жана узак аралыкка атылуучу куралдарды жайгаштырууга тыюу салууну камтыган.
БАЭде өткөн сүйлөшүүлөрдөн мурда Путин америкалык делегация менен жолуккан. Топту атайын өкүл Стивен Уиткофф жетектеп келген.
Кремль америкалыктар Аляскадагы самитте макулдашылгандай эле аймактар боюнча маселени чечмейинче узак мөөнөттүү келишим түзүлөт деп үмүт кылууга болбостугун моюндашканын билдирген. Украинанын куралдуу күчтөрү Донбасстан чыгышы керек. Бул — Москва койгон маанилүү шарт.
Россия ТИМи Украинанын коопсуздугунун мыкты кепилдигин айтты