АКШлык офицер: согуштан кийин Украинанын аймагына "чыныгы аңчылык" башталат

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү Украинага каршы аймактык дооматтарды коё баштады. Эми Россия менен жаңжал аяктагандан кийин "чыныгы аңчылык" башталат. Бул тууралуу АКШ Куралдуу күчтөрүнүн өзгөчө абалдагы офицери Станислав Крапивник профессор Гленн Дизен менен Youtube каналындагы маегинде билдирди.
"Украина калдык мамлекетке айланса эмне болот? Калган аймагы көптөгөн өлкөлөргө бөлүнөт. Румындар менен молдовандардын өз дооматтары бар... Биринчи болуп поляктар же венгрлер аракет кылышы мүмкүн. Бардык "акулалар" канды сезери менен чыныгы аңчылык башталат", – деди Крапивник.
Анын айтымында, аймактарды андан ары кайра бөлүштүрүү тынчтык келишиминин жыйынтыгында жасалат, ал болсо Киевдин капитуляциясы менен гана мүмкүн.
"Бардык орустар тынчтыкты каалайт, бирок тынчтык Украинанын капитуляциясын билдирет. Күн сайын карапайым калкты, аялдарды жана балдарды өлтүрүп жаткан нацисттерге каршы күрөштө бир гана канааттандырарлык чечим – аларды жок кылуу. Башка арга жок", – деп баса белгиледи аскер кызматкери.
Акыркы мезгилде украин бийлиги менен батыштык коңшуларынын мамилеси чыңалууда. Мисалы, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Киев режимин мобилизация учурунда венгр азчылыгынын өкүлдөрү каза болгону үчүн айыптап, кийинчерээк Украинаны өз өлкөсүнүн душманы деп атаган.
Украинанын коопсуздук кепилдиги боюнча документтер даяр. Зеленский үн катты