БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын үч орун басары дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык:
Рустам Мамасадыков — УКМК төрагасынын биринчи орун басары;
Уранбек Шадыбеков — УКМК төрагасынын орун басары, УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору;
Алишер Эрбаев — УКМК төрагасынын орун басары, УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды.
Эске салсак, бүгүн, 10-февралда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, аны менен кошо үч орун басары кызматтарынан бошотулган.
Өлкө башчынын жарлыгы менен атайын кызматтын төрагалыгын Жумгалбек Шабданбеков аркалоодо.