УКМК төрагасынын милдетин Жумгалбек Шабданбеков аткармай болду

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
УКМК төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Ал 2020-жылы УКМКнын 9-кызматынын начальниги болуп дайындалып, атайын кызматтын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.
2022-жылы Шабданбековго генерал-майор наамы ыйгарылган.
Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулду