УКМК төрагасынын үч орун басары да кызматтан алынды

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын үч орун басары кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.
Садыр Жапаровдун жарлыгы менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Курванбек Авазов, УКМКнын төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору Даниэл Рысалиев, УКМКнын төрагасынын орун басары — Антитеррордук борбордун директору Элизар Сманов иштен алынды.
Эске салсак, бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулган.
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишинин себебин айтты