Sputnik Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалыматтык өнөктөшү болду

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча маалыматтык кызматташуу тууралуу меморандумга "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы" коомдук бирикмеси менен жергиликтүү телеканалдар, анын ичинде Sputnik Кыргызстан агенттигинин ортосунда кол коюлду.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, меморандумдун алкагында тараптар маалыматтык координацияны күчөтүп, расмий пресс-материалдар менен камсыз кылуу, медиаөкүлдөрдү аккредитациялоо, иш-чараларды түз эфирде чагылдыруу, ошондой эле эксклюзивдүү маектерди жана атайын медиадолбоорлорду ишке ашыруу багытында тыгыз кызматташат.
Министр Мирбек Мамбеталиев оюндар өлкө маданиятын дүйнөгө тааныткан глобалдык коммуникациялык аянтча экенин, бул долбоор салттуу спорт түрлөрүн, этномаданиятты жана көчмөн цивилизациясынын философиясын бириктирген ири эл аралык маданий-спорттук формат болуп саналарын белгиледи.
Маалыматка ылайык, негизги иш-чаралар Бишкек шаарында жана Ысык-Көл аймагында, анын ичинде Кырчын этношаарчасында өтөт. ЖМК үчүн заманбап техникалык инфраструктура менен жабдылган пресс-борборлор уюштурулуп, болжол менен 500гө жакын чет өлкөлүк журналисттин иштөөсү мерчемделүүдө.
Көчмөндөр оюндарында маданий иш-чаралардын байге фонду 4 миллион сомду түзөт