БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу байланышканын мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулаштык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашканы айтылат.
"Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн туруктуу өсүү динамикасын, ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн канааттануу менен белгилешти. Анын ичинде өнөр жай кооперациясы, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жана “Камбар-Ата ГЭС-1”долбоору өзгөчө белгиленди", — деп айтылат маалыматта.
Муну менен бирге лидерлер регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, алдыдагы эки жана көп тараптуу иш-чаралардын графигин карап чыгышты.